2024-жылдын 14-ноябрында профессор К.Иманалиев атындагы филологиялык билим берүүнүн технологиялары кафедрасынын 550300 – филологиялык билим берүү багытынын 2-окуу жылынын магистранттарынын илимий-педагогикалык практикасынын алкагында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата факультеттин 1-курсунун студенттерине «Билим майданы» аталышындагы интеллектуалдык таймаш өткөрүштү.
Бул иш-чаранын негизги максаттары – өз мамлекеттүүлүгүбүздүн сакталып калгандыгы, ага бүт өмүрүн арнаган улуу инсандар тууралуу маалыматтарды кийинки муунга жеткирүү жана 1-курска келген студенттер менен магистранттар ортосундагы байланышты түзүү, кесиптик багыттоо иштерин жүргүзүү болуп саналат.
Иш-чарада алгач кыргыз элинин көрүнүктүү инсандары тууралуу кыскача баяндамалар берилди. И.Арабаевдин педагогикалык ишмердүүлүгү боюнча магистрант Т.Жамгырчиева жана А.Орозбековдун ишмердүүлүгү тууралуу магистрант К.Кааровалар баяндама окушту. Ал эми 1-курстун студенттери М.Абдыраимова Б.Акиренованын “Кыргызстан”, Д.Шамиловаз М.Самыйкожонун “Бирик, кыргыз”, Р.Уракалыева А.Кубанычбековдун “Мекеним, сага келдим” ырларын көркөм окуп беришти. Докладда айтылган маалыматтар жана көркөм окулган ырлар өсүп келе жаткан жаш педагогдор үчүн өтө таасирдүү болду. Иш-чараны магистрант Эргешалиев Нурислам өз деӊгээлинде алып барып, анын максатын ачып берүүгө жетишти.
Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө «Билим майданы» аталышындагы интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү. Таймашка 1-курстун КТАк-1-24, КТАк-2-24, КТАОМ-1-24 группасынын студенттеринен турган 6 топ катышышты.
Эӊ мыкты деген КТАк-1-24 группасынын “Биримдик” тобу жана КТАк-2-24 группасынын “Кыргызстан” тобу финалга чыгышып, “Кыргызстан” тобу жеӊишке жетишти. Жеӊишке жетишкен топторго Ардак грамоталар жана кызыктыруучу белектер берилди.
Иш-чарага “Жогорку мектептин педагогикасы” кафедрасынын профессору Н.Асипова, факультетттин окуу иштери боюнча декандын орун басары М.Жаӊыбаева, кафедра башчысы Ж.Аскар кызы жана кафедранын профессор-окутуучулары катышышты
Профессор Н.Асипова факультеттин студенттеринин билимин баалап, иш-чаранын тарбиялык маанисин жогору экендигин баса белгилеп, магистранттарга ийгилик каалоо менен мындай иш-чараларды дайыма өткөрүп туруу сунушун айтты.
Филологиялык билим берүү багытынын программа жетекчиси, профессор Б.Байсабаев илимий-педагогикалык практиканын жыйынтыгы боюнча магистранттардын отчетторун угуп, практиканын жыйынтыгын чыгарды.
(С) Аскар кызы Ж. – профессор К.Иманалиев атындагы филологиялык билим берүүнүн технологиялары кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент






