2024-жылдын 11-октябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүүсүнүн негизги маселелери: башаты, азыркы абалы жана келечеги” аттуу эл аралык илимий симпозиум болуп өттү.

Аскерлер Мамлекеттик желекти алып кирип, Кыргыз Республикасынын Гимни аткарылган соң, жыйындын модератору, тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору Туратбек Сырдыбаев симпозиумдун ишин ачып берүү үчүн сөз кезегин КУУнун ректору Догдурбек Чонтоевге берди.

Ал бүгүнкү симпозиум кең форматта өтүп жатканын, анткени жыйынга КР УИАнын Б.Жамгерчинов атындагы тарых, археология жана этнология институтунан, Казакстандын Ч.Ч.Валиханов атындагы тарых жана этнология институтунан, Якутиянын М.К.Аммосов атындагы Түндүк-Чыгыш федералдык университетинен жана Франциядан келген окумуштуулар катышып жатканын, о.э. симпозиумдун алкагында “Кара-Кыргыз автономиялуу облусу. Архивдик документтердин жыйнагы” деген китептин бет ачары, ал эми тарых жана чөлкөм таануу институтунун базасында “Иран таануу жана фарсы тили” кабинетинин ачылыш аземи болоорун билдирди..

Андан ары Догдурбек Чонтоев Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнө чейинки кыргыз элинин абалы, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүү боюнча иштерди баштаган көрүнүктүү ишмерлер Иманалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов жана башкалар тууралуу кыскача токтолуп, жыйынтыгында 1924-жылдын 14-октябрында СССРдин Борбордук аткаруу комитети тарабынан Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүү тууралуу токтом кабыл алынып, бул чечим кыргыз элинин аймактык, экономикалык жана маданий жактан жалпы биригүүсүнө өбөлгө түзгөндүгүн баса белгиледи.

Улуттук университеттин жетекчисинин сөзүнөн кийин ректор Догдурбек Чонтоев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, саясий жана мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов, Жогорку Кеңештин депутаты Чынгыз Айдарбеков “Кара-Кыргыз автономиялуу облусу. Архивдик документтердин жыйнагы” деген китептин символикалуу кызыл лентасын кесип, Президенттик администрациянын саясатты иштеп чыгуу, реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, саясий жана мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов, Жогорку Кеңештин депутаты Чынгыз Айдарбеков, «Мурас» фондунун жетекчиси Кыяз Молдокасымов, Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай, Иран элчилигинин маданият боюнча кеңешчиси Абузар Тогани жыйындын катышуучуларын ККАОнун 100 жылдыгы менен куттукташты.

Өздөрүнүн куттуктоо сөздөрүн видео аркылуу о.э. Якутиянын М.К.Аммосов атындагы Түндүк-Чыгыш федералдык университетинин эл аралык кызматташтык боюнча проректору Максимов Н.Р., Алтай мамлекеттик университетинин ректору Бочаров С.Н., Татарстан илимдер академиясынын Ш.Марджани атындагы тарых институтунун директору Салихов Р.Р., Ч.Валиханов атындагы тарых жана этнология институтунун мүдүрү Кабульдинов З.Е. да айтышты.

Симпозиумдун пленардык отурумунда төмөндөгү баяндамалар окулду:

  • Мадаминов Г. – Кыргыз Республикасынын Эл мугалими: “Кыргыз Автономиялуу областы түзүлгөндөн кийин: Лейлек, Сүлүктү аймагынын Өзбекстандын курамынан чыгарылып Кыргызстанга өткөрүлүү тарыхы”.
  • Сапаралиев Д.Б. – КР билимине эмгек сиңирген ишмер, К.Карасаев атындагы БМУнун кафедра башчысы, т.и.к., профессор: “Жусуп Абдрахмановдун кыргыз мамлекетинин кайра жаралышындагы каармандыгы”
  • Гсавье Аллез – ассоциированный исследователь CETOBAC (EHESS, Paris): “Какая форма автономии для национальных республик и областей в составе РСФСР?: комиссия Калинина и совещание националов в 1926 г.” (онлайн)
  • Абытов Б.К. – руководитель фонда Восточных рукописей и наследий института Востоковедения ОшГУ, д.и.н., профессор: “Временное правительство Айдарбекова: система управления и административно- территориальное деление Кара-Кыргызской автономной области”.

Тыныгуудан кийин симпозиумдун иши “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башаты жана негизги этаптары”, “Кыргыз Совет мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшү. Тарыхтагы инсандардын ролу. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрү”, “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхын изилдөөдөгү булак таануу жана тарыхнаама маселелери. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн маселелерин заманбап изилдөө. Дүйнөлүк тарыхтын контекстинде мамлекеттүүлүктү өнүктүрүүнүн келечеги”, “Кыргыз этнографиясынын өнүгүшү жана келечеги” деген секцияларда уланды.

Добавить комментарий