Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук коммисиясы жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында колдонулган терминдердин орусча-кыргызча сөздүгүн түзүү иштери жүрүп жатат.
Дүйнөлүк ааламдашуу жана интеграция процесстеринин таасирлеринен улам Кыргызстанда мыйзам чыгаруу талаасы ыкчам кеӊейип, коомду укуктук жактан теске салуу жумуштарынын көлөмү улам көбөйүүдө. Натыйжада, мыйзам актыларында бир эле юридикалык термин жана түшүнүк бир нече түрдө аныкталып, ар кандай түшүндүрүлүп келүүдө. Бул жагдай укук ченемдерин бир мааниде бир түрдүү түшүнүүгө да, укук колдонуу практикасына да кедергисин тийгизип, татаалдыктарды жаратууда.
Ушуга байланыштуу Жогорку Кеӊештин Төрагасынын тескемесинин негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында колдонулган бирдиктүү орусча-кыргызча терминдердин сөздүгүн түзүү максатында Жогорку Кеӊештин Аппаратынын, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, жогорку квалификациялуу тилчи, котормочу адистер жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын тилчи-эксперти курамына кирген ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.
Жумушчу топтун негизги максаты – кыргыз парламентинде кабыл алынган укуктук актылардын сапатын жогорулатууга, мыйзам колдонуу практикасында мыйзам тексттерин бир түшүнүктө туура, так түшүнүүгө байланыштуу көйгөйлөрдү жоюуга салым кошуу.
Бул топто Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен УИАнын корреспондент-мүчөсү, филология илимдеринин доктору, кыргыз тил илими кафедрасынын профессору, аталган долбоордун жетекчиси, БУУнун Өнүктүрүү программасынын тилчи-эксперти Т.С.Маразыков жана кыргыз тил илими кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор А.У.Акынбекова үзүрлүү эмгектенүүдө.
Натыйжада, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында колдонулган бирдиктүү орусча-кыргызча терминдердин сөздүгү 1200 бет көлөмүндө даярдалды.
(С) А.У.Акынбекова – кафедра башчысы, ф.и.д. профессор

