2024-жылдын 10-октябрында башкы имараттагы чоӊ жыйындар залында “Азыркы заман жана мамлекеттүүлүктүн классикалык теориялары жана идеологиялары” деген эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү .

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата социалдык-гуманитардык илимдер институту тарабынан уюштурулган иш чаранын модераторлук милдетин аталган институттун директору Мырзабек Камчыбек уулу аркалады.

Жыйындын катышуучуларына айткан куттуктоо сөзүндө КУУнун ректору Додурбек Чонтоев “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын аткаруу максатында Улуттук университетте иш чаралар байма-бай өткөрүлүп жаткандыгын, алардын бири бүгүнкү конференция экенин белгилеп, “Ар бир мамлекеттин тарыхында анын башатында турган, мамлекеттин түптөлүшүнө олуттуу салым кошкон адамдар болгон. Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков жана Ишеналы Арабаев сыяктуу инсандар кыргыз элинин келечеги үчүн ак кызмат кылуу менен, мамлекетибиздин түптөлүшүнө салым кошуп, кыргыз улутунун гүлдөп, өнүгүшү жана келечек муун үчун өздөрүнүн өмүрүн арнашкан. Өткөрүлүп жаткан илимий конференциянын катышуучулары конструктивдүү, жакшы пикирлерди айтып, мамлекетибиздин андан ары өнүгүшүнө салым кошот деген ойдомун. Баарыңыздарга ийгилик каалайм”, – деди.

Андан кийин трибунага жыйындын модератору Мырзабек Камчыбек уулу чыгып, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Джамиля Исаеванын куттуктоо сөзүн окуп берди.

Билим берүү жана илим министрлигинин атынан аталган ведомствонун жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Төөлөсбай Абылкасымов сүйлөдү.

Куттуктоолордон кийин эл аралык конференциянын пленардык отуруму башталып, төмөндөгү баяндамалар окулду:

  • Өмүрзак Мамаюсупов – Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры, “Ноокат билимканасынын” негиздөөчүсү жана жетекчиси, профессор: “Өлкөнүн кубаттуулугу айылдардан чыӊалып барат”
  • Зайнидин Курманов – д.и.н., профессор: “Национальный вопрос в Туркестане: 20-е годы”
  • Осмон Тогусаков – ф.и.д., профессор, УИАнын академиги
  • Шукур Шерматов – Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын алдындагы диний кырдаалды изилдөө борборунун директору: “Кыргызстандын негиздөөчүлөрү жана мамлекеттүүлүктү калыптандырган салттуу баалуулуктар”
  • Өскөн Козубаев – ф.и.д., УИАнын А.Алтымышбаев атындагы философия институтунун профессору: “Адеп коопсуздугу – мезгилдин талабы”
  • Токон Мамытов – д.полит.н., профессор, директор института государства и права НАН КР: “Роль идеологии в современном модернизирующемся обществе”
  • Н.А.Омуралиев – д.соц.н., профессор, заведующий центром социальных исследований НАН КР, президент социологической ассоциации Кыргызстана (САК): “Поддержка президентской формы правления как ведущий приоритет развития общественного мнения в Кыргызстане: по материалам социологических исследований”
  • Мурат Суюнбаев – д.полит.н., профессор: “Кыргызская автономия: контуры возможного”

Тыныгуудан кийин конференциянын иши «Идеалы и ценности кыргызского народа в социокультурном пространстве современности», «Становление и развитие педагогики и психологии в Кыргызстане» жана «Социально-политические теории государственности и современность» деп аталган 3 секцияда уланды.

“Азыркы заман жана мамлекеттүүлүктүн классикалык теориялары жана идеологиялары” деген эл аралык илимий-практикалык конференциянын соңунда резолюция кабыл алынды.

Добавить комментарий