День: 13.03.2024

Кесиптик колледждин студенттери юридикалык институт уюштурган футбол боюнча мелдеште 1-орунду ээледи

2024-жылдын 9-мартында юридикалык институт директордун кубогун утуп алуу үчүн кичи футбол боюнча мелдеш уюштуруп, 26 команданын ичинен кесиптик колледждин студенттери 1-орунду багындырды. Курама команданын мүчөлөрү медаль, дипломдор менен сыйланды. (С)…

Физика жана электроника факультети “Кош жылдыз” сынагында 2-орунду ээледи

2024-жылдын 7-мартында Башкы корпустун жыйындар залында Ж.Баласагын атындагы улуттук университетинин факультеттер, институттар жана колледждер аралык “Кош-Жылдыз” конкурсу өткөрүлдү. Ал конкурста физиканы окутуунун технологиялары жана табият таануу кафедрасынын лаборанты Тыныбек к.…

КУУнун философтору Чолпон Сааданбекованы докторлук диплому менен куттуктайт!

Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун философия, маданияттын теориясы жана тарыхы кафедрасынын жалпы жамааты Сааданбекова Чолпон Идирисовнаны 09.00.11- “Социалдык философия” адистиги боюнча “Философия илимдеринин доктору” илимий даражасынын дипломун алышы менен чын дилден куттуктайт!…

Геофактын студенттери «Аялзат – аалам ажары» атуу концерттик программа тартуулашты

География, экология жана туризм факультетинин студенттери Айымдардын эл аралык күнүнө карата «Аялзат – аалам ажары» атуу концерттик программа тартуулашты. Концерттин жүрүшүндө студенттер кыргыз элинин чыгаан айымдары Курманжан датка, Бүбүсара Бейшеналиева,…

Кыргыз филологиясы факультетинде айымдардын эл аралык күнү белгиленди

2024-жылдын 6-мартында кыргыз филологиясы факультетинин балдар жамааты тарабынан “Аялзат – аалам ажары” аттуу концерттик программа уюштурулду. Иш-чарада студенттер түрдүү өнөрлөрүн көрсөтүшүп, келген жалпы айымдарга жагымдуу маанай тартуулашты. Кеченин соңунда факультет…