2024-жылдын 7-мартында Башкы корпустун жыйындар залында Ж.Баласагын атындагы улуттук университетинин факультеттер, институттар жана колледждер аралык “Кош-Жылдыз” конкурсу өткөрүлдү.

Ал конкурста физиканы окутуунун технологиялары жана табият таануу кафедрасынын лаборанты Тыныбек к. Айдана жана 2-курстун “Физика” багытынын студенти Ратбеков Ринат катышты. Экинчи бөлүгүндөгү поэзия кечесинде аткарылган сценканын сценарийинин сөздөрүн 1-курстун студенти Эмирбекова Гулина өзүнүн чыгармачылыгы менен жазып берип өз салымын кошту. Бул поэзиянын аткаргандарды кесиптери башка болсо да такшалган артисттерден кем калышпай аткарышкандыгын жюринин мүчөлөрү белгилеп кетишти.  

(С) Дөөлөталиева А.С. – тарбия иштери боюнча декандын орун басары, п.и.к., доцент.

Добавить комментарий