География, экология жана туризм факультетинин студенттери Айымдардын эл аралык күнүнө карата «Аялзат – аалам ажары» атуу концерттик программа тартуулашты. Концерттин жүрүшүндө  студенттер кыргыз элинин чыгаан айымдары Курманжан датка, Бүбүсара Бейшеналиева, Уркуя Салиева, Таттыбүбү Турсунбаева, Акмөөрдүн образдарын жаратышты. Программанын соӊунда студенттер өз колдору менен жасаган жемиштерден турган букет менен мугалимдерди куттукташты.

(С) Байсеитова М.Р. – тарбия иштери боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий