2024-жылдын 27-март күнү математика жана информатика факультетинде Кургак учук менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата “Кургак учук айыгат!” аттуу иш чара болуп, КУУнун студенттик бейтапканасынын врач-терапевти Надежда Грязнова “Кургак учуктун дартын аныктоо жана дарылоо” деген темада студенттерге лекция окуду.

Ал аталган ооруга кабылган адамды коомдон четтетип, чектөө койбостон, дарылоого болоорун баса белгилди. Сабактын жүрүшүндө мындай ооруга чалдыкпас үчүн туура тамактануу, спорт менен машыгуу, санитардык гигиенаны сактоо жана оорукчал адамдарды коомдон четтетүү, аларды бөлүп жаруу психикалык атакага алып келиши тууралуу кызуу  талкуу жүрдү.

Катышуучулар аталган оорунун дартын аныктоо жана дарылоо акысыз экенин, ийгиликтүү дарылоо үчүн оорукчал адам медицина кызматкерлеринин көзөмөлү астында 6 айдан кем эмес мезгилде ооруга каршы дарыларды үзгүлтүксүз ичүүсү зарыл экенин түшүнүштү.

Жыйындын соңунда, кургак учук-жугуштуу дарт экендиги, айрыкча кургак учуктун ачык түрү менен ооруган адам өтө коркунучтуу болору, бул оорууга чалдыкканда жөтөлдүн күчөшү, дем алуунун кысылуусу, көкүрөктүн дайыма оорусу, жөтөлгөндө кандын пайда болуусунун байкалары тууралуу кеңири маалымат бергендиги үчүн КУУнун студенттик бейтапканасынын башчысы Замира Шаршеновнага факультеттин студенттик активи өз ыраазычылыктарын билдиришти.

(С) Бактияр Рахманкулов — тарбия иштери боюнча декандын орун басары, ф.-м.и.к., доцент

Добавить комментарий