Медицина факультетинин студенттери, окутуучулар жамааты жана Пакистан, Индия өкүлдөрү Кара-кыргыз автоном облусунун 100-жылдыгына карата жана кыргыз элинин басып өткөн жолу менен таанышуу максатында Ата Бейит мемориалдык комплексине экскурсияга барышты.

Чет өлкөлүк студенттер 1916-жылы болуп өткөн Үркүндү чагылдырган мемориалды, андан соң 1937-38-жж.  репрессияга туш болуп, курман болгон инсандар жөнүндө угуп, музейдеги экспонаттарды көрүп, көп маалымат алышты. Алар о.э. 2010-жылы болгон апрель революциясынын курманы болгон баатырлардын урматына ачылган “Таазим” музейин көрүштү.

Медицина факультетинде о.э. Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата университеттин деңгээлинде иш чара өткөрүлгөн. Анда биздин студенттер Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы менен жакшы таанышкан. Андыктан, экскурсия учурунда Ч.Айтматовдун айкелинде Куран окуп, таазим кылышты.

Ата Бейит – кыргыз элинин тарыхын, арманын, муң-кайгысын чагылдырган жер. Студенттер бул экскурсияда өзүлөрүнө кызыктуу маалыматтарды алып, кыргыз тоолорун, жаратылышын суктануу менен көрүштү .

Экскурсиянын жол акысын Пакистан өкүлү Ханиф Уллах жана Индия өкүлү Манодж Агарвал каржылады.

(С) Ким А.Б. – башкы адис

Добавить комментарий