2024-жылдын 26-мартында И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы тарабынан кезектеги окуу-методикалык семинар уюштурулду.

ОМСтин максаты – катышуучуларга Окуу керемет! долбоорунун окуу жана математика боюнча жаңы стратегияларды колдонууга багыт берүү жана жайылтуу Окуу-методикалы семинар 2 этап боюнча өттү.

1-этапта ачык сабактар өтүлдү.

Математиканы окутуунун стратегиялары боюнча

  • Кафедранын ага окутуучусу Эсенканова А.К. Пед-2-21, Пед-3-21 группаларынын студенттерине Башталгыч класстарда математиканы окутуунун методикасы дисциплинасынан “Сан түшүнүгү жана он ичиндеги сандар. Он ичиндеги сандардын курамы жана нөл саны” деген темада ачык сабак өттү. Ачык сабакка Окуу керемет! Долбоорунун математиканы окутуу боюнча эксперт, модулдардын түзүүчүсү Аликова А., МЧМПжББТ кафедрасынын башчысы п.и.к., проф. Адылбек кызы Г.,  ага окутуучу Кабылова С.А., ф-м.и.к., доцент Эгембердиева А., ага окутуучу Сейталиев М.Е. катышышты.
  • Педагогикалык колледждин окутуучусу Нуруева Ж.Б. Башталгыч математика курсун окутуунун методикасы дисциплинасынан “Татаал теңдемелерди окутуп үйрөтүүнүн методикасы” деген темада ачык сабак өттү. Ачык сабакка Окуу керемет! Долбоорунун математиканы окутуу боюнча эксперт, модулдардын түзүүчүсү Аликова А., педагогикалык колледждин окутуучусу Нааматова Э., ага окутуучу Кабылова С.А., ф-м.и.к., доцент Эгембердиева А. катышышты.

Окуу жана жазууга дифференцияланган жана интеграцияланган окутуу боюнча

  • Кафедранын ага окутуучусу Жуматаева А.С. Пед-2-21, Пед-3-21 группаларынын студенттерине Башталгыч класстарда окуу, жазуу жана предметтер боюнча дифференцияланган жана интеграцияланган окутуу дисциплинасынан “Бекеттер боюнча орун алмашуу стратегиясы” деген темада ачык сабак өттү. Ачык сабакка Окуу керемет! Долбоорунун окуу боюнча эксперт, тереңдетилген модулдардын түзүүчүсү Юсупова А., МЧМПжББТ кафедрасынын башчысы п.и.к., проф. Адылбек кызы Г.,  ага окутуучулар Назарбекова Б.Ж., Сейталиев М.Е. катышышты. Ачык сабактардын жыйынтыгында эксперттер тарабынан окутуучуларга оң анализ берилип иштерине ийгиликтерди каалашты.

2- этапта Мастер класс өтүлдү.

Окуу жана жазууга дифференцияланган жана интеграцияланган окутуу боюнча

  • МЧМПжББТ кафедрасынын башчысы п.и.к., профессор Адылбек кызы Г. институттун профессордук-окутуучук курамына “Скаффолдинг студенттерди колдоо үчүн негиз катары” деген темада масстер класс өттү.  Масстер класска Окуу керемет! Долбоорунун окуу боюнча эксперт, тереңдетилген модулдардын түзүүчүсү Юсупова А., И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин окуу-методикалык комиссиясыны төрайымы Адбдылдаева Т.Ч., кафедранын доценти, п.и.к. Кулуева С.С., ага окутуучулар Оторбекова А.М., Жуматаева А.С., Назарбекова Б.Ж., Өмүрова А.А., ФжСЭББ кафедрасынын ага окутуучусу Айдаралиева А.А., педагогикалык колледждин окутуучусу Баяманова Б. жана 1-курстун студенттери катышышты.

Математиканы окутуунун стратегиялары боюнча

  • Кафедранын ага окутуучусу Кабылова С.А. институттун профессордукокутуучук курамына “Башталгыч класстарда математиканы окутуунун эффективдүү стратегиялары” деген темада масстер класс өттү. Мастер класска Окуу керемет! Долбоорунун математиканы окутуу боюнча эксперт, модулдардын түзүүчүсү Аликова А., ага окутуучу Төлөбаева Ф.Э., ага окутуучу Сейталиев М.Е., ф-м.и.к., доцент Эгембердиева А., педагогикалык колледждин окутуучулары Нааматова Э., Нуруева Ж.Б. ж.б. катышышты.

Ар бир мастер класска эксперттер тарабынан жакшы анализдер берилди. Катышуучулар кызыгуу менен көрүшүп, өздөрүнүн сабактарына мастер класста берилген маалыматтарды колдонорун айтып, ыраазылычыктарын билдиришти.

(С) Кыдыралиева Айжан – ПКМДИнин пиар-менеджери

Добавить комментарий