2024-жылдын 26-мартында Кыргызпатенттин кызматкерлери кыргыз филологиясы факультетинин студенттерине автордук укук, эл аралык мамилелер, акын-жазуучулардын чыгармачылык укуктары  жана башка маселелер тууралуу семинар өтүштү.

Сабактын жүрүшүндө авторго тиешелүү бир катар милдеттер, укуктар, аларды каттоо кызматтары жана аларга берилүүчү сый акылар жөнүндө маалымат берилди.

Семинардын соңунда лекторлор студенттердин бир катар суроолоруна жооп беришип, пикир алышуу болду. Кыргызпатенттен келген кызматкерлер жолугушууну уюштуруп берген факультеттин жетекчилигине жана студенттерине терең ыраазычылыктарын билдиришти.

(С) А.Солтоноев – тарбия иштери боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий