Медицина факультетинин Индиядан келген студенттери 2024-жылдын 25-мартында улуттук Холи майрамын белгилешти. Алар бири-бирин түстүү боёктор менен боёп, окутуучуларга бул майрамдын маанисин түшүндүрүп, улуттук тамак жана таттууларды ооз тийгизип, майрам өтө көңүлдүү өттү.

Чет өлкөдөн келген студенттердин маданиятын, каада-салттарын билүү жана ушундай иш чараларга катышуу медициналык факультетин жамаатына да өтө маанилүү. Анткени, канчалык алардын салттарын урматтоо менен мамиле кылса, алар дагы кыргыз элинин тилин, маданиятын, каада- салттарын үйрөнүүгө аракет кылышат.

(С) Ким А.Б. – башкы адис

Добавить комментарий