2024-жылдын 14-март күнү Түрксой уюмунун өкүлдөрү профессор Тимур Давлетов менен PhD Сабырбек Бөрүбаев кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн студенттерине конок лекция окушту.
Сабакка факультет деканы Бактыбек Жайлообаев, бөлүм башчысы Бурул Элебесова, улук окутуучу Фаризат Курамаева, окутуучу Асем Идаева жана ЛТ-1-20, ККТ-1-23, ККТ-2-23, ККТ-1-21 тайпаларынын студенттери катышты.
Декан алгач Түркиядан келген Түрксой уюмунун өкүлдөрү менен тааныштырып, университет боюнча жалпы маалымат берди жана студенттерге мындай мүмкүнчүлүктөр чанда гана боло турганын эскертип, окууларына ийгилик каалады.
Түрксой уюмунун өкүлү Сабырбек Бөрүбаев уюмдун миссиясы, план-перспективасы жөнүндө кеңири маалымат берип, үстүбүздөгү жылы Барпы Алыкулов жана Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгын түрк дүйнөсүнө кеңири жайылтуу үчүн атайын долбоорлор иштелип чыгып, катарынан ишке ашып жаткандыгын баса белгиледи.
Профессор Тимур Давлетов түрк тектүү элдердин ишеними боюнча кеңири илимий маалымат менен бөлүштү. Негизинен Сибирь түрк элдеринин Орто Азиялык түрк тектүү элдер менен диний ишеним боюнча жалпылыгына токтолду. Кам түшүнүгү, шамандык, ритуалдар жана жөрөлгөлөрдө айрым айырмачылыктар орун алгандыгын азыркы учурдагы үрп-адат салттар аркылуу да негиздеди. Андан соң суроо-жооп бөлүгүндө профессордун маалыматтары кызыктуу, пайдалуу болгондугун угуучулар белгилешти.
Бөлүмдүн улук окутуучусу Фаризат Курамаева Түрксой уюмунун алгылыктуу иштери, түркология бөлүмү сыяктуу билим берүү түзүмдөрүндө бир катар илимий, методикалык жана интеграциялык иштердин жанданышына чоң өбөлгө түзөрүн белгиледи. Муну менен катар бөлүмдүн окутуучулары жана студенттеринин жогоруда белгиленген Түрксойдун иш-аракеттерине тартылышы зарылдыгын айтты. Түрк дүйнөсүнүн тарыхында Махмуд Кашкари, Жусуп Баласагын, Манас эпосу жана Чыңгыз Айтматовдун өзгөчө орун алары жана бул багытта алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгы кубантарлык экендигин баса белгиледи.
Жолугушуунун соңунда факультет деканы Бактыбек Жайлообаев лекторго ыраазычылыгын айтып, мындан ары да кызматташуу сунушун билдирди.
(С) Элебесова Б.Б. – түркология жана котормо таануу бөлүм башчысы