2024-жылдын 13-мартында кесиптик колледждин суденттери АКШнын Түндүк Каролина мамлекеттик унивеситетинин студенттери менен волейбол ойношту. Англис тилинде баарлашуу жана достошуу максатында өткөрүлгөн бул достук оюну студенттерге абдан чоң таасир калтырды. Алар телефон номерлери менен алмашып, бири-бирин баарлашууга чакырышты.

Чет элдик студенттер кесиптик колледждин студенттеринин меймандостугуна, кичи пейилдигине ыраазы болуп, өздөрүнүн белектерин беришти.

(С) Куртубаева Нурипа – котормо иши бѳлүмүнүн башчысы

Добавить комментарий