2024-жылдын 14-мартында «Кыргызстандын жөө туризм союзу» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү  Нурболот Эсенкожоев менен Максат Кыргызбай уулу география, экология жана туризм факультетинин «Туризм» багытынын 2-курс студенттери үчүн «Кыргызстандагы туризм жана альпинизм» темасында конок лекция окушту.

Алар Кыргызстандагы туризмдин жана альпинизмдин азыркы абалы, тармактагы көйгөйлөр, тоо туризми боюнча гиддерге болгон суроо-талаптар боюнча мазмундуу маалыматтарды беришти. Лекция андан ары аӊгемелешуу жана пикир алышуу формасында уланып, студенттер өздөрү каалаган суроолоруна жоопторду ала алышты. Жолугуушуунун аягында ага окутуучу Кенжебек уулу Асанбек келген конокторго ыраазычылыгын билдирип, каалоосун айтып, бул багыттагы иштерди жүргүзүүгө даяр экенин билдирди.

Конок лекция жогорку денгээлде жана жагымдуу маанайда өттү.

(С) Кенжебек уулу Асанбек – илимий иштер боюнча декандын орун басары 

Добавить комментарий