2024-жылдын 19-мартында юридикалык колледжде “Кут толгон Нооруз майрамы” аталышындагы майрамдык иш чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Иш чара Умай эненин алас айтуусу менен башталып, ардактуу конок болуп чакырылган КУУнун ректорунун куттуктоо сөзү менен ачылды. Өз сөзүндө Төлөбек Абылович жамаатка ынтымак, ырашкелик тилеп, чыгармачылык жигердүүлүк каалады.

Иш чараны Табигый жана гуманитардык илимдер ПЦКсы уюштуруп, майрам концерттик программа, улуттук оюндар, ооз ачыруу жөрөлгөсү менен коштолду. Дирекциянын колдоосу менен салтка ылайык боз үй тигилип, кой союлуп, майрамдык дасторкон даярдалып, сүмөлөк таратылды.

Жыйынтыгында эстафетаны адистик дисциплиналар ПЦКсына сунуп, жамаат бири-бирине жакшы каалоо-тилектерин айтты.

Урматтуу КУУнун жалпы жамааты! Нооруз майрамыныздар менен! Ушул жыл элге, жерге тынччылык, бейпил, бардар жашоо берсин! Дасторконубуз нанга толсун! Жараткан университетибизге ырыскы, ынтымак, зор бакыт-таалай, байлык берсин!

(С) Тумаров Харсан — директордун орун басары

Добавить комментарий