Физика жана электроника факультетинин 3-курсунун Ф(б)-1-21 тайпасынын студенттери 2024-жылдын февраль-март айларында Бишкек шаарындагы №68-А.Осмонов атындагы гимназияда жана №54, №35, №2, №50, №82-жалпы билим берүүчү орто мектептерде педагогикалык практиканы ийгиликтүү өтүп келишти.

2024-жылдын 19-март күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын корреспондент – мүчөсү, ардактуу академик, п.и.д., проф. Э.Мамбетакуновдун жетекчилиги менен физиканы окутуу технологиялары жана табият таануу кафедрасынын кезектеги отуруму болуп, күн тартибинде аталган практиканын жыйынтыктары каралды. Доценттер Гүлзат Исмаилова, Айчүрөк Дөөлөталиева жана Рапия Исаевалар баяндама жасашып, практиканын жүрүшүндө студенттер мугалимдик кесиптин ардактуу да, түйшүктүү да жактары менен иш жүзүндө таанышып, тиешелүү методикалык тажырыйба топтоого жетишикендерин белгилеп кетишти.

Отурумдун соңунда, аталган кафедранын башчысы  Мамбетакунов Эсенбек Мамбетакунович педагогикалык практиканын жетекчилерине мындан ары да студенттерге мугалимдин кесиптик ишмердүүлүгүнүн түрдүү жактары менен иш жүзүндө тааныштырып, алардын мугалимдик кесипке болгон кызыгууларын күчөтүү үчүн үзүрлүү эмгектенүүсүнө тилектештигин билдирди. Студенттерге өз акыл-насаатын айтып, келечектеги татыктуу муундарды тарбиялай беришине ак ниетин билдирди.

Педагогикалык практиканын жүрүшүндө – практикант-студенттер сабак өтүү учурунда мультимедиа каражаттарын кеңири колдонуп, интерактивдүү доскада слайддар, презентацияларды көрсөтүшүп, кроссворддор, карточкаларды пайдаланышып, жогорку бааларга өтүү менен бирге, тарбиялык сааттарды өткөрүшүп, класстан тышкаркы иш-чараларды да кызыктуу уюштурушуп, окуучулардын сый-урматына ээ болушту.

Студенттер практиканын жүрүшү боюнча өз пикирлерин билдиришип, отчетторун ийгиликтүү тапшырышты.

(С) Дөөлөталиева А.С. – тарбия иштери боюнча декандын орун басары, п.и.к., доцент

Добавить комментарий