2024-жылдын 19-мартында социалдык-гуманитардык илимдер институтунда «Жогорку мектептин педагогикасы» жана «Психология» кафедраларынын окутуучулары тарабынан даярдалган “Педагогикалык психология” (педагогика илимдеринин доктору, профессор Н.А.Асипованын редакторлугу астында) окуу куралынын презентациясы болуп өттү.
Аталган иш-чарага ректор Төлөбек Абдырахманов катышып, авторлорду куттуктоо менен биргеликте окуу куралдарынын басып чыгарылышы — учурдагы билим берүү системасынын эң приоритеттүү багыттарынын бири экендигин белгиледи.
(С) Нурбекова С.Н. — жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын ага окутуучусу