2024-жылдын 19-март күнү факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучулары Асыл Чиныбаева, Махабат Байгутова жана Жазгүл Казакбаевалар тарабынан Нооруз майрамына карата чет тилдер факультети менен биргеликте белгилешти.

Иш-чараны профсоюз уюмунун  башчысы Кубанычбек Жумабеков жана аталган кафедранын башчысы Гүлмира Осмоналиеванын куттукоосу менен башталып, Умай эненин арча түтөтүп, аластоосу менен коштолду. Нооруз майрамына карата кыргызча, корейче ырлар, бийлер аткарылып, макал-лакаптар айтылып, кыз узатуу салты көрсөтүлдү. Сынактын катышуучуларына белектер тапшырылды.

(С) Жазгүл Казакбаева – факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучусу

Добавить комментарий