2024-жылдын 20-март күнү MetaLabs компаниясынын өкүлдөрү компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун студенттерине программалоо курстары боюнча презентация өткөрүп, сегиз айлык акысыз окууга эки студент тандалып алынаарын жарыялады.

Окуунун жүрүшүндө студенттер ар кандай тилдерде (мисалы, Python, JavaScript, Java ж.б.) программалоо көндүмдөрүнө ээ болушуп, веб жана мобилдик тиркемелерди, маалымат базаларын иштеп чыгуунун негиздерин үйрөнүшөт. Студенттер алгоритмдерди жана маалымат структураларын терең түшүнүп, татаал программалоо маселелерин натыйжалуу чечүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Курстарды аяктагандан кийин студенттер маалыматтык технологиялар тармагында жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, Дубайда IT тармагында андан ары кесиптик өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

(С) Махабат Сыдыкова – директордун орун басары 

Добавить комментарий