2024-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын Ишки иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы академиясында Кыргыз эл акыны Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына арналган иш чара өткөрүлүп, ага кыргыз филологиясы факультетинин доценттери Назгуль Турдубаева, Майрам Жаңыбаева жана «Жаш толкундар» адабий-чыгармачылык ийриминин мүчөлөрү катышты. Доцент Н.Турдубаева “Барпынын сабактары” аттуу баяндама жасады.

Жыйында Барпынын акындык өнөрүндө жаралган ырларынын түбөлүктүү, философиялык мааниси терең, тарбиялык өзгөчөлүгү предметтик аралык окутууда да чоң мааниси бар экендиги белгиленди.

Эскерте кетсек, 2024-жылы 3-январда Барпы акындын 140 жылдыгы ТҮРКСОЙдун деңгээлинде белгиленет деп аталган уюмдун башкы катчысы Султан Раев билдирген. Бул чечим Шушада (Азербайжан) өткөн уюмдун туруктуу кеңешинде кабыл алынган. Ошол багытта ТҮРКСОЙ Барпы Алыкуловдун 40 жылдыгынын алкагында чыгармаларын бир нече тилге которууну, китептерин басып чыгарууну, илимий-практикалык конференцияларды өткөрүүнү, эл аралык айтыш фестивалын, ашыктык ырларынын конкурсун жана башка иш-чараларды уюштурууну пландаган.

(С) Назгуль Турдубаева – илимий иштер боюнча декандын орун басары, “Жаш толкундар” адабий-чыгармачылык ийриминин жетекчиси, доцент

Добавить комментарий