2024-жылдын 14-мартында башкы имараттагы жыйындар залында ректордун кубогун жеңип алуу үчүн волейбол боюнча турнирдин жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи болду. Аталган мелдеште журналистика жана коммуникация институтунун волейбол боюнча кыздар курама командасы институттардын, факультеттердин жана колледждердин студенттери арасында биринчиликти багындырып, I даражадагы диплом жана 5 миң сом сыйлыкка ээ болушту.

Жыйынга КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов катышып, окуу жайдын жетекчилиги тарабынан спорт жаатына да өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын, алдыдагы республикалык жана эл аралык деңгээлдеги мелдештерде албан ийгиликтерди жаратууга студенттерге шарттар түзүлүп жаткандыгын белгилеп өттү. 

Салтанаттуу аземден кийин жеңүүчүлөрдү журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк да куттуктады.

(С) П.Джаныбекова – адис

Добавить комментарий