2024-жылдын 5-мартында кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун гимназиясында «Ак калпак”, 23-февраль жана 8-март күндөрүнө карата спорттук мелдеш өткөрүлдү.
Бул мелдешке гимназиянын 10-11-класстардан турган 3 команда катышты.
Алып баруучу мелдештин жюри мүчөлөрүнө менен тааныштырып кетти: Нуралиева Г.М. – гимназиянын башчысы, Кадыров Б.Ж. – дене тарбия окутуучусу, Кадырова Р.Р., Ажыгулова Г.А., Жоодатбекова С.К. гимназиянын окуутучулары, катчы – Азизбаева С.А.
Командалар учурашып, девиздерин айтуудан башташты.
Иш чаранын жооптуулары даярдалган сынактарды аткарышып, абдан көңүлдүү өттү.
Жыйынтыгында, “Пантера” командасы 1-орунду, “Спартак” командасы 2-орунду, “Мустанг” командасы 3-орунду ээлеп, грамота жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту.
(С) Бейшеналиева Б.Т. – ККДжКЖ институтунун башкы адиси





