2024-жылдын 6-мартында компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунда “Нур Телеком” компаниясы менен “Intern Labs” долбоору боюнча жолугушуу болуп, анда КТЖИИ студенттерине окутуу үчүн жаңы билим берүү долбоорунун башталышы тууралуу маалымат берилди, анда стажерлорду үч багытта тандашат:

  • Quality Assurance;
  • Kotlin;
  • Swift.

Студенттерди жумушка алуу сынактын негизинде 3 этап менен жүргүзүлөт. Java тили боюнча негизги билими бар, байланыш системалары жана тармактарын түшүнгөн 3-4-курстун студенттери жана магистранттары катышса болот. Окуу акысыз жана 6 айга созулат. Апрель айынын аягында бул долбоор боюнча топ түзүлүп, аны ишке киргизүүгө даярдыктар башталат.

(С) Махабат Сыдыкова – директордун орун басары 

Добавить комментарий