2024-жылдын 5-март күнү 6-окуу имаратынын 126-дарсканасында математика жана информатика факультетинин кышында кабыл алынган 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи өткөрүлдү. Факультет деканы Изат Усенов кечээки абитуриент, бүгүнкү студенттерди майрамы менен куттуктап, алардын сапаттуу билим алышына жана келечекте Кыргызстандын өнүгүүсүнө өз салымдарын кошушуна тилектеш экендигин билдирип, символикалуу «Сынак китепчесин» тапшырды.

Салтанаттын жүрүшүндө 1-курс студенттери 4 жыл бою жакшы окуп, алган билимдери менен тажырыйбаларын Кыргызстандын өнүгүүсүнө колдонууга, жаштар арасындагы достукту жана улуттар арасындагы ынтымакты бекемдөөгө, кыргыз студенттеринин салттарын көбөйтүп, аяр мамиле кылууга ант беришти.

Кеченин экинчи бөлүгү концерттик программа менен уланып, факультеттин таланттуу студенттери өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Эскерте кетчү нерсе, кышкы кабыл алууда “710500 – Интернет технологиялар жана башкаруу” багытына 15 абитуриент ийгиликтүү тапшырып, аталган факультеттин 1-курс студенттери болуп калышты.

(С) Бактияр Рахманкулов — тарбия иштери боюнча декандын орун басары, ф.м.и.к., доцент

Добавить комментарий