Журналистика жана коммуникация институтунда студенттердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында практик журналисттер менен тыгыз иштешүү салтка айланган. УТРКнын жарнама жана коммерция бөлүмүнүн башчысы Айнура Майрамбек кызынын “Реклама кечээ, бүгүн жана эртең” деген аталышта өткөн мастер классы УТРКнын жарнамалык, коммерциялык саясаты тууралуу маалымат берүүдөн башталды.

Азыркы рыноктун шарттарында маалымат таркатуу айдыңында эмгектенип жаткан бардык эле массмедиалар каржы маселелерин өздөрү чечип жаткандыктары баарыбызга белгилүү. Ушуга байланыштуу болочоктогу журналистика кесибинин ээлери студент кездеринде эле жарнама жана коммерциялык ишмердүүлүктүн сырларын жакшы өздөштүрүп, бул багытта да мыкты адистерден болуп чыгууларына толук мүмкүнчүлүктөрү да, шарттары да бар экендигин лектор өз сөзүндө бекемдеди.

Айнура Майрамбек кызы тажрыйбалуу пиар менеджер катары өзүнүн бай тажрыйбасы менен бөлүштү. Айрым бир кызыктуу эпизоддору студенттерге мыкты билим алуу менен бирге креативдүү, тапкыч жана чечкиндүү болууга да мотивация бере алды.  Жолугушуу жагымдуу маанайда суроо-жооп иретинде уланып, студенттерди кызыктырган бир катар суроолорго жеткиликтүү  жооптор айтылды.

Тажрыйбалуу массмедиа кызматкерлеринин студенттер менен болгон жолугушуулары жаштарга шык-дем берип, келечекке болгон ишенимдерин арттырып, ар бир студенттин жөндөмдөрүн ойготууга түрткү болмокчу. Айнура Майрамбек кызына биздин студенттер үчүн мазмундуу, жогорку деңгээлде мастер класс өтүп бергендиги үчүн ыраазычылык билдиребиз.

(С) Ж.Сакыбаева – ага окутуучу

Добавить комментарий