2024-жылдын 13-март күнү кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмү уюштурган “I. Түркологиялык окуулар” лекциялар сериясына активдүү катышкан магистрант жана уюштуруу тобуна ректор тарабынан сертификаттар тапшырылды.

КФФ деканы Бактыбек Жайлообаев “I. Түркологиялык окуулар” боюнча жалпы маалымат берген соң, ректор Төлөбек Абдырахманов кыргыз-түрк байланышын чыңдоо, тыгыз кызматташуу боюнча сөз сүйлөп, “I. Түркологиялык окуулар” сериясынын уюштуруу тобуна ыраазычылыгын айтып, сертификаттарды тапшырды. 

Белгилей кетсек, 25-январдан тартып 4-мартка чейин созулган “I. Түркологиялык окуулар” лекциялар сериясы бакалавр, магистратура жана PhD докторантуранын «Лингвистика» «Филология», «Чыгыш тилдери», «Азыркы түрк тилдери жана адабияты», «Тарых» багыттарында билим алып жаткан студенттер үчүн уюштурулган.

Окууга Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмү, Лев Гумилев атындагы Евразия университетинин түркология кафедрасы, Шароф Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университетинин түркология бөлүмү, Кавказ университети, Кыргыз-түрк “Манас” университети, Азербайжан педагогикалык мамлекеттик университети жана Түштүк Кореянын Инха университетинин бакалавр, магистратура бөлүмдөрүндө окуган жүздөн ашуун студенттери жана жаш илимпоздор катышты.

Сертификат тапшыруу аземине о.э. түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы Бурул Элебесова, улук окутуучу Фаризат Курамаева, окутуучу Асем Идаева жана магистранттар катышты.

Уюштуруу тобу:

  • Курамаева Фаризат Нуржигитовна – КУУнун түркология жана котормо таануу бөлүмүн
  • Элебесова Бурул Бекказиевна – КУУнун түркология жана котормо таануу бөлүмү
  • Идаева Асем Бекмурзаевна – КУУнун түркология жана котормо таануу бөлүмү
  • Бактыбек кызы Канышай – КУУнун түркология жана котормо таануу бөлүмү

Активдүү катышуучулардын тизмеси:

  • Жакшылыкова Медина – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети/Кыргызстан
  • Ялчынкая Синем – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети/Кыргызстан
  • Камчыбек кызы – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети/Кыргызстан
  • Мустафа Арслан – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети/Кыргызстан
  • Тайфун Түлүбаш – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети/Кыргызстан
  • Өмүр Четин – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети/Кыргызстан
  • Махмут Өзсү – Кыргыз-Түрк “Манас” университети/Кыргызстан
  • Йунус Карадаг – ТТЕОМЕР/Кыргызстан
  • Али Каракөй – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети/Кыргызстан

Түркологиялык окуулар”  лекциялар сериясы туурасында кененирээк маалымат алыш үчүн QR-codе окуңуз.

“I. Түркологиялык окуулар”  лекциялар сериясынын кайтарым байланыш үчүн сурамжылоо анкетасы боюнча билдирүүсү тиркелет (Тиркеме. 1)

Сертификатка ээ болгон катышуучулардын тизмеси тиркелет (Тиркеме. 2)

(С) Элебесова Б.Б. – түркология жана котормо таануу бөлүм башчысы

Добавить комментарий