2024-жылдын 14-март күнү Кочкор районундагы Ак-Жар айылынын Бейшебек Иманалиев  атындагы орто мектебинин 11-классында окуп жаткан окуучулар Улуттук университетке келишип, окуу жай менен таанышып, кенен маалымат алып кетишти.

Мектеп директору баштап келген бүтүрүүчүлөр менен мугалимдерди ректор Төлөбек Абдырахманов кабыл алып, аларды көрүп тургандыгына кубанычта экенин жана Улуттук университеттин жамааты аталган мектеп менен иштешүүгө, билим берүү жаатында ар тараптуу колдоого даяр экендигин билдирди. Ректор билим менен гана адам өсөөрүн белгилеп, “Келечек силердин колуӊарда. Жакшы окуп, жакшы кесиптин ээси болуп, өзүӊөр өскөн айылыӊардын өнүгүшүнө салым кошкула”, – деди.

Окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев КУУга кабыл алуу эрежелери жана окуу процесси тууралуу айтып берди. Окуучулар о.э. смарт класс жана кыргыз-кытай институту менен таанышты.

Эске сала кетсек, бул иш-чара Билим берүү жана илим министри Догдүргүл Кендирбаеванын  өзгөчө макам алган жогорку окуу жайлар менен региондордогу мектептердин байланышы тууралуу буйругунун негизинде ишке ашырылды. Учурда Улуттук университет региондордогу 7 мектеп менен тыгыз иштешүүдө.

Добавить комментарий