2024-жылдын  12-март күнү ректораттын жыйындар Төлөбек Абдырахманов эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев менен жолугушуп, боордош түрк элдеринин башын бириктирген уюм менен Улуттук университеттин ортосундагы кызматташтык багыттарын жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Султан Раев ТҮРКСОЙ уюмунун негизги максаты – тарыхый баалуулуктарды сактоо, маданият менен тарыхты жаштар арасында жайылтуу, тарыхый мурастарга кызыктыруу экенин белгилеп, билим берүү жаатында да кызматташып, Улуттук университетте окуп жаткан студенттерди алмашуу программасы аркылуу Түркиянын алдыӊкы окуу жайларына окууга, стажировкага жана практика өтүүгө жөнөтүүгө болоорун билдирди.

Төлөбек Абдырахманов ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысын окуу жайдан  көрүп турганына кубанычта экенин, жогоруда айтылган сунуштарды колдоорун жана кызматташууга ынтызар экенин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан да сөз сүйлөп, маданий мурастарга, тарыхка байланыштуу алгылыктуу иштерди жүргүзүп жаткандыгы үчүн Султан Раевке ыраазычылык билдирди.

Иш чарага о.э. ТҮРКСОЙ уюмунун  өкүлдөрү Тимур Давлетов жана Сарыбек Бөрүбай, эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаменттин директору Бакыт Келдибеков, тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору Туратбек Сырдыбаев, журналистика жана коммуникация институтун директору Ширин Костюк катышты.

Добавить комментарий