Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери Эргешбаева Жибек менен Курманова Райхон 2024-жылдын 27-29-февраль күндөрү өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын комбат джиу-джитсу боюнча чемпионатына 56-68 кг салмак категориясында катышып, экөө тең 2-орунга ээ болушту.

Факультеттин жалпы жамааты Жибек менен Райхонго чың ден соолук, окууларына албан ийгиликтерди каалайт. Силер факультеттин гана эмес, Улуттук университеттин атын чыгардыңар. Мындан ары да көптөгөн ийгиликтерди багынта бергиле.

(С) А.Солтоноев – тарбия иштери боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий