2024-жылдын 6-мартында компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунда институттун илимий кеңеши болуп өттү. Институттун директору Рыспаев А.О. окууда жогорку натыйжаларды көрсөткөн КТЖИИнун отличниктерине Ардак грамоталар тапшырылды, ошондой эле студенттердин жасалма интеллект тармагын өнүктүрүүгө багытталган мыкты илимий иштери белгиленди. ОКтин мүчөлөрү жана окутуучулары катышып, студенттердин жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана институттун жигердүү илимий ишмердүүлүгүн белгилешти. Директор катышып олтургандардын бардыгына институттун окуу процессинин жана илимий иштеринин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

(С) Махабат Сыдыкова – директордун орун басары 

Добавить комментарий