Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу астында Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын демилгеси менен КР Президентинин администрациясы жана ТҮРКСОЙ эл аралык уюму биргеликте уюштурган «Түрк тилдүү элдердин эл аралык форуму» Бишкек шаарында 2023-жылдын 21-22-сентябрында болуп өткөн эле.

Форумга 11 мамлекеттен (Германия, Венгрия, Россия ж.б. ) окумуштуулар келип катышышкан. Ошол форумдун материалдары жыйнак болуп жарык көрдү. Жыйнак КР президентинин куттуктоо сөзү менен башталат. Ошондой эле анда КР Жогорку Кенешинин төрагасы Н.Шакиевдин, КР Мамлекеттик катчысы С.Касмамбетовдун, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.Осмоналиевдин куттуктоо сөздөрү орун алган.

Аталган жыйнакта КУУнун кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулованын “Кыргыз жазуулары: байыркыдан бүгүнкүгө” деген темадагы макаласы да жарык көрдү.

(С) Гүлжамал Жаманкулова – КУУнун профессору

Добавить комментарий