2024-жылдын 1-мартында педагогикалык колледжде педагогикалык практика боюнча жыйынтыктоочу конференция өткөрүлүп, анын  ишине университеттин практика жана карьера борборунун директору Замир Бакалбаев катышты. Практика жетекчилери практика убагында студенттердин жетишкендитери, топтогон тажрыйбалары жөнүндө айтып, студенттер отчетту эки топко бөлүнүп, эки башка форматта тапшырышты: биринчи топ мультимедиа каражаттарын кеңири колдонуп, интерактивдүү доскада слайддар, презентациялар көрсөтүшсө, экинчи топ чогулткан окуу материалдарын, көрсөтмө куралдарын таанышытырып, кайда, кайсы учурда, кантип колдонуу керектигин кеңири айтып беришти.

Жыйындын соңунда ПжКБ директору Замир Бакалбаев педагогикалык практиканын жетекчилерине мындан ары да студенттерге жардам берүүдө үзүрлүү эмгектенүүсүнө жана  студенттерге мугалимдик кесиптин ардактуу экенин айтып, келечекте мыкты мугалимдер болушуна тилектештигин билдирди.

Конференцияга о.э. ПжКБнын башкы адиси Жыпаргүл Шерматова катышты.

(С) М.Т.Шарабидинов – педагогикалык колледждин башчысы

Добавить комментарий