Практика жана карьера борборунун директору Замир Бакалбаев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Кызматым элиме, мыйзам чегинде” төш белгиси менен сыйланды. Төш белгини 2024-жылдын 28-февраль күнү кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун директору Алайбек Шамшиев тапшырды.

ИИМ жетекчиси Улан Ниязбековдун 2024-жылдын 20-февралында кол койгон №98-буйругунда “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары менен тыгыз кызматташуу жүргүзгөндүгү жана биргеликте иш алып барууда колдоо көрсөткөндүгү үчүн, о.э. 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Кыргыз улуттук университетинин ПжКБ директору Бакалбаев Замир Мурзаматович ИИМдин “Кызматым элиме,мыйзам чегинде” төш белгиси менен сыйлансын” деп айтылат.

Практика жана карьера борборунун жамааты Замир Мурзаматовичти сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктайт! Замир агай, сизге, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалап, мындан ары да албан-албан ийгиликтерди жарата беришиңизге тилектешпиз!

(С) Саматали к. А. – ПжКБнын жетектөөчү адиси

Добавить комментарий