2024-жылдын 28-февралында И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору, профессор, п.и.д Рахат Сулайманова Автожол колледжинин жетекчисинин чакыруусу менен аталган окуу жайдын педагогдук жамаатына мугалимдик кесиптин сырлары, мугалимдик имидж, кесипти сүйүү, педагогдук компетенттүүлүк, инсандык өнүгүү тууралуу семинар-тренинг өттү.

Сабактын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан  кызыктуу суроолор берилип, алгылыктуу жооптор алынды. Автожол колледжинин педагогдору маанилүү, керектүү маалыматтарга ээ болгондугун жана кызыгуусу арткандыгын билдиришти.

Рахат Сулайманова мугалимдик кесип, инсандык өнүгүү аркылуу жашоодо маанилүү болгон баалуулуктарга чакырып, окуу жай менен мындан ары да кызматташууларга даяр экендигин баса белгиледи.

(С) Кыдыралиева Айжан – ПКМДИнин пиар-менеджери 

Добавить комментарий