Кыргыз филологиясы факультетинин профессор К.Иманалиев атындагы филологиялык билим берүүнүн технологиялары кафедрасы 2024-жылдын 21-февралында магистранттар жана студенттер үчүн «Кыргыз тилин жана адабиятын компетенттүүлүктөргө негиздеп окутуунун технологиялары» аталышындагы семинар-тренинг өткөрдү.

Көрүнүктүү педагог, УИАнын академиги, Эл жазуучусу, филология илимдеринин доктору, профессор Советбек Байгазиев «Улуттук нарк жана «Манас» эпосун өздөштүрүүнүн маселелери», Билим берүү жана илим министрлигини астындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун филологиялык билим берүү кафедрасынын профессору, улуттук тренер, КР Эмгек сиӊирген мугалими Кенжеке Эсеналиева «Модерназицияланган ченемдик укуктук документтер» деген темада лекция окушту.

Лекцияларда кыргыз тили менен кыргыз адабиятын улуттук баалуулуктар менен компетенттүүлүктөргө негиздеп окутуунун мааниси жана ролу, келечектүүлүгү тууралуу кызыктуу жана пайдалуу маалыматтар берилди. Лекциялар жандуу жана эмоционалдуу болуп, бир катар суроолорго жооптор берилди.

Магистранттар зарыл жана керектүү маалыматтарды алышкандыктарын тереӊ канагаттануу менен белгилешти. Магистранттарга сертификаттар тапшырылды.

Эл жазуучу Советбек Байгазиев кафедрага 8 томдон турган «Манас» эпосуна байланыштуу педагогикалык эмгектерин белекке берди.

(С) Аскар кызы Жылдыз – ФББТ кафедрасынын ага окутуучусу, п.и.к.

Добавить комментарий