“Maxprint” басмаканасынан курамына юридика институтунун кылмыш-жаза укугу жана криминология кафедрасынын доценти, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги Доктурбек Осмонов кирген автордук коллектив татабынан жазылган “Укук энциклопедиясы” жарык кѳрдү.

Китеп “юриспруденция” адистиги боюнча билим алып жаткан жогорку окуу жайлардын студенттерине, магистранттарына, аспиранттарына, окутуучуларына, сот жана прокуратура органдарынын кызматкерлерине, укукту колдонууга байланышкан ар кандай турмуштук жагдайларга кириптер болгон жарандарга жана укуктук билимин өркүндөтүүнү каалаган окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналган.

Энциклопедияда мамлекет жана укукка тиешелүү 1200дөн ашуун  терминдердин мазмуну терең жана так жазылган.

Добавить комментарий