2024-жылы 27-февралында КФФте Түркология жана котормо таануу бөлүмү тарабынан бакалавр, магистратура жана PhD докторантуранын «Лингвистика» «Филология», «Чыгыш тилдери», «Азыркы түрк тилдери жана адабияты», «Тарых» багыттарында билим алып жаткан студенттер үчүн уюштурулган “I. Түркологиялык окуунун” кезектеги 6-онлайн лекциясы болуп өттү.
Бөлүмдүн улук окутуучусу Фаризат Курамаева Түркия, Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан жана Түштүк Кореядан катышып жаткан илимпоз окмуштууларга, студент-магистранттарга салам айтып, баяндамачы жөнүндө жалпы маалымат берүү менен лекцияны ачып берди. Факультеттин деканы доцент Бактыбек Жайлообаев баяндамачыга ыраазычылыгын билдирип, окуунун ийгиликтүү өтүшүнө тилектештигин билдирди. Андан кийин бөлүм башчы ф.и.к. Бурул Элебесова түркологиялык окуунун максат, милдеттерин белгилеп баяндамачыга сөз кезегин берди.
Лекцияга Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмү, Лев Гумилев атындагы Евразия университетинин түркология кафедрасы, Шароф Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университетинин түркология бөлүмү, Кавказ университети, Кыргыз-түрк “Манас” университети, Азербайжан педагогикалык мамлекеттик университетинин бакалавр, магистратура бөлүмдөрүндө окуган сексенден ашуун студенттери жана Түштүк Кореядан да жаш илимпоздор катышышты.
Программада мурда кабарлангандай, окуунун бул жолку коногу Түркия Республикасынын Анкара шаарында жайгашкан Анкара Хажы Байрам Вели университетинин профессору, түрколог, тарыхчы, лингвист, котормочу, доктор Гүлжанат Курмангалиева Ержиласун айым “Орто Азиядагы агартуу (20-кылымдын башы)” аталышында абдан кызыктуу илимий баяндама жасады.
Баяндамада алгач “интеллигенция”, “агартуу” жана “агартуучулук” терминдерине токтолуп, ХХ. кылымдын башындагы казак, кыргыз интеллигенциясынын жалпы ишмердүүлүгү, ошол учурда даярдалган петициялар, мыйзамдар, эне тил жана дин маселелери, Ахмет Байтурсын уулу, Алихан Бөкейхан уулу, Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаев, Базаркул Данияров жана башка коомдук ишмерлердин көп кырдуу таланты, Баку түркологиялык курултайынын орду, “Алаш” партиясы жана репрессия жөнүндө презентация аркылуу кеңири маалымат бөлүштү.
Баяндамачыга катышуучулар ошол учурдагы түрк элдеринин маданий алакалары, интеллектуалдык деңгээли, байланыштар, мыйзамдуулук боюнча суроо берүү менен бирге ыраазычылыктарын дагы билдирип өтүштү.
Өнөктөш университеттерден катышкан боордош кафедралардын өкүлдөрү Азербайжан педагогикалык мамлекеттик университетинин доценти Егана Кахраманова, Шароф Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университетинин түркология бөлүмүнүн башчысы Рохила Рузманова жана тарыхчы, PhD Зухра Алтымышова да тема боюнча ойлорун айтышып, баяндамачыга жана уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.
Лекциянын соңунда Гүлжанат Курмангалиева Ержиласун айым Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Анкара Хажы Байрам Вели университетинин ортосундагы меморандумдун жаңыланышы керек экендигин да билдирип өттү. Албетте бул маселе жетекчилик тарабынан колдоо табарын белгилеп декан жана бөлүмдүн окутуучулары баяндамачыга жеке өзүнүн, эмгек жамаатынын жана университеттин атынан ыраазычылыгын билдирип, жигердүү кызматташуу жүргүзүү максатка ылайык экендигин белгилешти.
“Түркологиялык окуу – I” 4-мартка чейин созулат.
(С) Элебесова Б.Б. – түркология жана котормо таануу бөлүм башчысы