2024-жылдын 24-февраль күнү КУУнун алдындагы Конфуций институтунда ушул жылдагы Конфуций стипендиялык программасына тапшыруу үчүн студенттер жана окуучулар арасында сынак өткөрүлүп, иш чарага жалпысынан 111 окуучу жана студент катышты.

Сынакта катышуучулардын кытай тили боюнча деңгээли аныкталып, мыкты кытай тилин өздөштүргөн катышуучулар Кытай мамлекетинин жогорку окуу жайларына тапшырууга мүмкүнчүлүк алышат. Сынак так жана туура жүрүшү үчүн Конфуций институтунун окуутуучуларынан турган текшерүүчүлөр уюштурулуп, сынак ийгиликтүү өткөрүлдү.

Сынак бүткөн соң, башкы имараттагы кичи жыйындар залында Конфуций институтунун жооптуу мугалими катышуучуларды стипендиялык программалар менен толук тааныштырып, аларга тапшыруунун жолдорун түшүндүрүп берди.

Эскерте кетсек, Конфуций стипендиялык программасы менен окуучулар жана студенттер жарым жылдык, бир жылдык окуу курстарына же бакалавриат жана  магистратурага тапшыра алышат.

(С) Абирова Алтынай- Конфуций институтунун волонтеру

Добавить комментарий