2024-жылдын февраль айында КУУнун алдындагы Конфуций институтунда кытай тили боюнча курс башталды. Курстун сабактарын Кытайдан келген жогорку квалификациялуу окутуучу-волонтерлор өтүшөт. Быйылкы окуу семестринде башталгыч, орто жана жогорку денгээлдеги топтор ачылып, жалпысынан 120дан ашык угуучу кытай тилин окуп жатышат.

Кытай тили курсунун угуучулары 3,5 ай аралыгында кытай тилин мыкты даражада үйрөнө алышат.

Эскерте кетсек, кытай тил курсуна мектеп окуучулары, университет студенттери, ишкерлер жана Бишкек шаарынын тургундары катталып окууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

(С) Абирова Алтынай – Конфуций институтунун волонтеру

Добавить комментарий