2024-жылдын 22-февраль күнү башкы имараттагы 231-жыйындар залында Мекенди коргоочулар күнүнө карата жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти тарабынан уюштурулган “Ким билет?” интеллектуалдык оюну болду.

Иш чараын ЖСжСД директору Алмаз Кадыр уулу ачып, таймаш жаштардын билимге болгон кызыгуусун арттыруу максатында өткөрүлүп жатканын белгилеп, “Ким билет?” оюну мындан ары да бат-баттан өткөрүп турулаарын билдирди.

Таймаштын жүрүшүндө викториналык суроолор, көрүүчүлөр тарабынан суроолор жана уюштуруу комитети тарабынан суроолор берилип, оюн абдан кызыктуу болду.

(С) Абдыбекова Айжан – тарбия жана жатаканалар иштери боюнча сектордун координатору

Добавить комментарий