2024-жылдын 20-февраль күнү ректоратын жыйындар залында эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаментинин директору Бакыт Келдибеков Япониянын Цукуба университетинин өкүлдөрү Кадзияма Юдзи жана Токуда Юкако мырзалар менен жолугушуп, эки университеттин ортосундагы кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн, иш пландарын, жүзөгө ашырыла турган долбоорлорду талкуулашты.

Цукуба университетинин өкүлү Токуда Юкако мырза иш сапарынын негизги максаты – буга чейин эки окуу жайдын ортосунда келишимди жандандырып, анын негизинде иштөө экенин белгилеп, достук мамилени чыңдоону белгиледи.

Өз кезегенде эл аралык  кызматташтык жана  байланыштар департаментинин директору Бакыт Келдибеков Кыргыз улуттук университети Цукуба университети менен кызматташууга кызыкдар экенин, Токуда Юкако мырзанын сунуштарын колдоого даяр экендигин   билдирди. 

Иш-чара эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департамент тарабынан демилгеленди.

Добавить комментарий