2024-жылдын 20-февралында КУУнун окуу түзүмдөрүндө практикалар боюнча жыйынтыктоочу конференциялар болуп өттү.

Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институнун 2-курсунун студенттери окуу таанышуу практикасын өтүп келишти. Жыйынтыктоочу конференцияга практика жана карьера борборунун директору Замир Бакалбаев, директордун орун басары Гульзаада Назарова, практика жетекчилери Ж.Калдыбаева менен М.Толобаева катышты. Студенттер практикада кандай жетишкендиктерге жеткенин, эмнелерди үйрөнгөнүн айтып беришти. З.Бакалбаев студенттерге практика канчалык маанилүү экенин жана кесипкөй адис болуп чыгуу үчүн сөзсүз алган билимди практика жүзүндө колдонуу керектигин белгиледи.

Юридикалык колледждин 2-курс студенттери 22-январдан 16-фервалга чейин окуу практикасын өтүп келишти. Конференцияга практика жана карьера борборунун кызматкерлери жана колледж директорунун практика боюнча орун басары Руслан Мамбеталиев, практика жетекчилери А.Зилалиева менен А.Муратбекова катышты. Отчет тапшыруу учурунда студенттер практика учурунда алган тажрыйбалары менен бөлүшүп, практиканын зарыл экендигин, болочок кесипке чоң мотивация берээрин белгилешти жана суроолорго жооп беришти. Коммиссия мүчөлөрү айрым студенттердин кызыктуу отчетторун, алардын жетишкендиктерин белгилеп, кээ бир толуктоолорду сунушташты.

Юридикалык институттун 3-курс студенттери 22-январдан 17-февралына чейин өндүрүштүк практика өтүп келишти. Конференцияга практика жана карьера борборунун кызматкерлери, институт директору Кынатбек Сманалиев, окуу иштери боюнча директордун орун басары Зулайка Сыдыкова жана кафедра башчылар, практика жетекчилери катышты. Кынатбек Сманалиев практика студенттердин илимий-теориалык даярдыгын тереңдетип, практикалык ишке бекемдей турган иш-чара экенин белгилеп, окуу программасы боюнча бекитилген мындан кийинки практикаларга да бүгүнкүдөй олуттуу мамиле жасоого студенттерди чакырды. ПКБ директору З.Бакалбаев студентерге практика – карьерага болгон бир кадам экендигин белгилеп, кесипкөй адис болуш үчүн керек болгон талаптар жөнүндө айтып берди.

Практика өтүүдө чыгармачылык менен отчет даярдаган студенттер практика жана карьера борборунун ардак грамоталары менен сыйланышты.

Иш чараларга о.э. практика жана карьера борборунун башкы адиси Жыпаргул Шерматова менен жетектөөчү адиси Саматали к. Акбермет катышты.

(С) Саматали к. А. – ПКБнын жетектөөчү адиси

Добавить комментарий