КУУнун алдындагы Конфуций институту 21-февраль – Эне тилдин эл аралык күнүнө карата Ленин районунун билим берүү башкармалыгын колдоосу менен уюштурулган “Эл достугу улуу тил” аттуу фестивалга катышты. Волонтерлор, Конфуций классынын жана кытай тил борборлорунун окуучулары Кытай Эл Республикасы жөнүндө маалыматтарды берип, кытай маданияты менен байланышкан жогорку деңгээлдеги номерлерди тартуулашты.

Майрамда кытай элинин тарыхы, маданияты, салт-санаасы, үрп-адаттары,ырлары, бийлери жана спорт чеберлеринин оюндары көрсөтүлдү. Көргөндүн көз жоосун алган көргөзмөдөгү кызыктуу маалыматтар көрүүчүлөрдү кызыктырып, фестиваль эң жогорку деңгээлде өттү. Иш чарага Ленин районунан жалпы 157 окуучу катышышты. Ушу боюнча дүйнө чемпиону Муратбек уулу Эдиль Конфуций институтунун студенттери менен чогуу өз чеберчилигин көрсөттү.

Ушул эле күнү Конфуций институтутунун кытай тараптан директору Чэн Чжигуо мырза менен кыргыз тараптан директору Жылдыз Усенбаева Бишкек шаарындагы №31 мектеп-гимназиясындагы Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айым катышкан «Кытай жаз майрамы» аттуу иш чарага катышышты. Иш-чарага Бишкектин вице-мэри Мозгачева В.А., Ленин районунун акими Шакиев Ж.Т., Бишкек мэриясынын билим берүү департаментинин өкүлдөрү жана башка коноктор катышты.

Конфуций институтунун волонтеру Ли Сусюан кытай тили боюнча ачык сабак өтүп, окуучулар кытай тилин мыкты уйронүшүп жаткандыгын дагы бир жолу тастыкташты жана келген конокторго чакан концерт тартуулашты.

(С) Абирова Алтынай – Конфуций институтунун волонтеру

Добавить комментарий