Кыргыз филологиясы факультетинин профессор К.Иманалиев атындагы филологиялык билим берүүнүн технологиялары кафедрасында 2024-жылдын 22-февралында 550300 – Филологиялык билим берүү багытында окуган 2-курс магистранттарынын илимий-изилдөө практикасынын жыйынтыгы чыгарылды.

Практиканын жыйынтыгы боюнча отчетту кафедранын профессору Б.Байсабаев, доценттер Б.Оторбаев, З.Сарылбекова жана ага окутуучу Ж.Аскар кызы кабыл алды. Отчеттор боюнча кеӊири талкуу жүрүп, алымча-кошумчалар, сунуш-пикирлер айтылды. Кафедранын профессору Б.Байсабаев “Магистрлик илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, уюштуруунун жол-жоболору” боюнча кеӊ-кесири билдирүү жасады.

Магистранттар кафедранын окумуштууларынын илимий эмгектерин, профессор К.К.Сартбаев атындагы кабинетте топтолгон илимий-методикалык адабияттардан пайдаланып жатышкандыктарын белгилеп өтүштү.

Кафедранын профессор-окутуучулары илимий-методикалык макалаларды илимий-изилдөө ишин жазуу боюнча маалыматтарды беришти. Бул магистранттар үчүн эӊ эле пайдалуу болду.

Кафедранын магистранттарынын магистрдик диссертациялык иштеринен макалаларды мезгилдүү басмаларда жарыялоо боюнча да маселе каралып, 2 магистранттын макаласы “Эл агартуу” журналына (2023, № 6) жарыяланганы белгиленди. Ошондой эле бир нече магистранттын макалалары журналдын кийинки санында жарыяланары да айтылды.

Жыйынтыгында магистранттардын илимий-изилдөө практикасы өз убагында өткөрүлүп, коюлган талаптарга жооп берерлиги белгиленди.

(С) Аскар кызы Жылдыз – ФББТ кафедрасынын улук окутуучусу

Добавить комментарий