Педагогикалык колледжде 2024-жылдын 21-февралында Эне тилдин эл аралык күнүнө карата “Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун” аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Жыйын студенттер тарабынан уюштурулган чакан концерттик программа менен коштолду.

Ал эми окутуучу Нуруева Ж.Б. 21-февраль аталган датага карата Билим берүү жана илим министрлиги менен И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган “Эне тил жана жасалма интеллект: учурдун талабы” аттуу кереге отурумга катышып, “Эне тил жана билим берүүдөгү жасалма интеллект: заманбап чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр”  аталышындагы баяндама жасады жана билим берүүдөгү жасалма интеллектин орду, сабактарда колдонулуп жаткан нейро желе, платформалар туралуу тажрыйбалар менен бөлүштү.

(С) Кыдыралиева Айжан – ПКМДИнин пиар-менеджери

Добавить комментарий