Түркология жана котормо таануу бөлүмү тарабынан бакалавр, магистратура жана PhD докторантуранын «Лингвистика» «Филология», «Чыгыш тилдери», «Азыркы түрк тилдери жана адабияты», «Тарых» багыттарында билим алып жаткан студенттер үчүн уюштурулган “I. Түркологиялык окуунун” кезектеги 5-онлайн лекциясы 2024-жылдын 22-февралында болуп өттү.

Сабакты түркология жана котормо таану бөлүмүнүн улук окутуучусу Фаризат Курамаева ачып, түрк дүйнөсү, түркология, жаш илимпоздор жана актуалдуу илимий багыттар тууралуу айтып берди. Факультет деканы Бактыбек Жайлообаев баяндамачыга ыраазычылыгын билдирип, окуунун ийгиликтүү өтүшүнө тилектештигин билдирди. Андан соң бөлүм башчы Бурул Элебесова окуунун максатын белгилеп, магистрант-студенттерге кезек берди. Очерк жазган студентибиз Мустафа Арслан Улуупамир айылы тууралуу айтып, баяндамачынын ырларын Тайфун Түлүбаш, Өмүр Четин, Медина Жакшылыкова көркөм окуп беришти.

Окуунун бул жолку коногу Түркия Республикасынын Диярбакыр шаарында жайгашкан Дижле университетинин ага окутуучусу, түрколог, лингвист, котормочу, акын, айтылуу Рахманкул Хандын небереси Абдулмукаддес Кутлу мырза “Вандык кыргыздар жана Рахманкул Хан” тууралуу кызыктуу маек куруп берди. Илимий булактарда кездешкен “Ван кыргыздары”, “Түркиялык кыргыздар”, “Оогандык кыргыздар”, “Памир кыргыздары” терминдерине токтолуп “Түркиялык кыргыздар” же “Түркиядагы кыргыздар” термининин колдонулуусу максатка ылайык экендигин белгилеп өттү. Баяндамасында Улуупамирайылына Рахманкул Хандын журту менен бирге кандай баскычтардан өтүп баргандыгын жана себептерин, шарттарын, кыйынчылыктарын тизмелеп өттү.  Рахманкул Хандын саясий лидерлик даражасы, наамдары, жасаган иш-аракеттери жана идеясына кеңири токтолду. Боордош түрк калкынын моралдык, материалдык жардамы жөнүндө кеп кылды. Ошону менен бирге Улуупамирайылынын курулушу, коомдук жайлар, маданий ийримдер жана мектеби жөнүндө айтып, азыркы учурда Түркиянын түрдүү шаарларында үзүрлүү эмгектенип жаткан журтташтар тууралуу кыскача маалымат берди. Үрп-адат, каада-салт, тилдик айрым өзгөчөлүктөр болсо дагы негизинен түпкүлүктүү кыргыз маданияты, тили менен жалпылыкты сактаарын баса белгиледи. Кошумча иретинде өзүнүн университетибиздин кыргыз филологиясы факультетинде билим алгандыгын, жаштык кезин эскерди.

Окуу суроо-жооп иретинде маек форматында өтүп, тема боюнча баяндамачынын илимий ишмердүүлүгүндө чоң атасынын, айылдаштарынын жана Түркиялык кыргыздардын орду канчалык экендиги боюнча суроо беришти.

Лекцияга Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмү, Лев Гумилев атындагы Евразия университетинин түркология кафедрасы, Шароф Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университетинин Түркология бөлүмү, Кавказ университети, Кыргыз-түрк “Манас” университети, Азербайжан мамлекеттик педагогикалык университетинин  бакалавр, магистратура бөлүмдөрүндө окуган алтымыштан ашуун студенттери катышышты.

Декан жана бөлүмдүн окутуучулары баяндамачыга жеке өзүнүн, эмгек жамаатынын жана университеттин атынан ыраазычылыгын билдирип, жигердүү кызматташуу жүргүзүү боюнча бир нече сунуштарын айтышты.

“Түркологиялык окуу – I” 4-мартка чейин созулат.

 (С) Элебесова Б.Б. – түркология жана котормо таануу бөлүм башчысы

Добавить комментарий