2025-жылдын 2-декабрында Чет тилдер институтунун корей тили кафедрасынын мыкты окуган студенттерине Корея Республикасынын Өкмөтүнүн стипендиясын тапшыруу аземи болуп өттү.
Стипендияны иш-чаранын башкы коногу — Корей борборунун директору Жо Чану мырза тапшырды. Ал өз сөзүндө студенттерди чын жүрөктөн куттуктап, алардын тырышчаактыгын жана жогорку көрсөткүчтөрүн белгилеп, келечектеги ийгиликтерине ишеним артаарын айтты.
Институт директорунун орун басары Майрам Намазова билимге умтулуу, үзүрлүү аракет жана тартип менен ар бир студент чоң жетишкендиктерге жетээрин баса белгиледи.
Кафедранын окутуучулары да студенттерге жылуу сөздөрүн айтып, корей тилин үйрөнүүдөгү мыкты көрсөткүчтөр студенттердин талыкпас эмгегинин жемиши экенин жана ушундай стипендиялар студенттердин мыкты окуусуна, жигердүү аракеттенүүсүнө жана дагы да чоң жетишкендиктерди багындыруусуна зор мотивация берээрин, о.э. жаш адистердин өзүнө болгон ишенимин арттырып, келечекке кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачаарын баса белгилешти.
Белгилей кетсек, бул стипендия Корей тили кафедрасынын мыкты студенттерине жыл сайын ыйгарылып, алардын илимий жана академиялык өсүшүн колдоого багытталган маанилүү дем берүүчү программа болуп саналат.
Чет тилдер институту мындан ары да студенттердин билимге болгон умтулуусун колдоого, алардын эл аралык билим мейкиндигинде өз ордун табуусу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө умтулат.
(С)Байболотова Ж.Т. – тарбия иштери боюнча директордун орун басары