2025-жылдын 3-декабрь күнү «Орион» мейманканасында «Манас» улуттук академиясы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана Улуттук илимдер академиясынын Чынгыз Айтматов атындагы адабият институту тарабынан уюштурулган “Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана Манас феномени” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын ачылышы болду.
Конференцияга Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, Президенттин кеңешчиси Марат Иманкулов, “Манас” улуттук академиясынын президенти Назира Аалы кызы, КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев баштаган өлкөнүн илим, маданият коомчулугунун өкүлдөрү, о.э. Улуу Британиядан Жеймс Пламтри, Индиядан Пунит Гаур, Түркиядан Нажийе Йылдыз жана Мехмет Черибаш, Кытайдан Адыл Жуматурду, Токон Ысак кызы сыяктуу чет өлкөлүк окумуштуулар, Казакстандык белгилүү манасчы жана жазуучу Баянгали Алимжанов катышты. Иш-чарада мындан тышкары манас таануучулар, студенттер жана изилдөөчүлөр болушту.
Конференциянын негизги максаты Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхый өнүгүүсүн, анын идеялык жана маданий негизи катары “Манас” эпосунун феноменин жаңы илимий көз караштар менен талкуулоо болду. Катышуучулар улуттук иденттүүлүк, руханий мурас, заманбап мамлекеттүүлүк концепциялары жана “Манас” эпосунун дүйнөлүк маданияттагы орду боюнча баяндамаларды сунуштап, терең талкууларды жүргүзүштү.
Жыйында куттуктоо сөзү менен КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев чыгып сүйлөп, миллиондон ашуун ыр саптарын өз ичине сыйдырган залкар “Манас” дастаны дүйнөлүк эпиканын ачык асманында чолпон жылдыздай жаркыраган ажайып феномен экенин белгиледи. Ректордун айтымында, “Манас” жалпы адамзат жараткан башка эпостордон көлөмү боюнча гана эмес, мазмундук тереңдиги, теңдешсиз көркөмдүгү, кыял жеткис чабыты менен да айрымаланат. Эгерде христиан маданияты адамзатка ажайып “Библия” китебин берсе, көчмөн цивилизациясы дүйнөгө улуу баян “Манас” дастанын тартуулады деп, биз кыргыздар, бийик сыймык менен тартынбай айта алабыз.
Күндүн 2-жарымында “Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана Манас феномени” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын секциялык отурумдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде уланды. Жыйынтыгында катышуучуларга тастыктамалар тапшырылды.
1-секция
2-секция
3-секция
Жыйынтыгы