2024-жылдын 20-февралында И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин алдындагы педагогикалык колледждин окутуучусу Жаңыл Нуруева «Таалим форум» коомдук фонду тарабынан уюштурулган «Кыргызстан, Монголия жана Тажикстанда билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн аралыктан окутуу» аталышындагы конференцияга  катышты.

Ал эми январь, февраль айларында ал конок-лекция кербенин уюштуруп, Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларга, колледждерге жана жалпы билим берүүчү орто мектептерге семинар–тренингдерди өтүп келди. Атап айтсак:

  • И.Арабаев ат. КМУнун физика-математика факультетинин студенттерине
  • Р.Шүкүрбеков атындагы №38-ОТКГнын башталгыч класс мугалимдерине
  • И.Арабаев ат. КМУнун кошумча кесиптик билим берүү институтуна
  • Т.Эрматов ат. БМПКнын студенттерине жана окутуучуларына
  • Ж.Баласагын ат. КУУнун педагогикалык колледжинин студенттерине
  • К.Көлбаев ат. Бишкек автомобиль жол колледжине
  • Р.Шүкүрбеков ат. №38-ОТКГ(2-жолу чакыруу)
  • №85-ЖОББ мектеп Бишкек ш. Бакай-Ата ж/к
  • Салымбеков Университетине
  • И.Арабаев ат. КМУнун педагогика жана психология институтуна
  • №98- ЖОББ мектеп Бишкек ш. Алтын-Ордо ж/к
  • №102- ЖОББ мектеп Бишкек ш. Ак – Ордо ж/к
  • №76-ЖОББ мектеп Бишкек ш.
  • Кыргыз-Корей колледжине
  • И.Арабаев атындагы КМУ

Тренингдер төмөндөгүдөй темаларда өткөрүлдү: «Тынымсыз билим алуу-өнүгүүгө өбөлгө», «Билим берүүдө окутуунун инновациялык жана салттуу методдорун комплекстүү колдонуу», «Заманбап сабактын негизги талаптары», «Заманбап сабак өтүүнүн ыкмалары»,  «Техникалык билим берүүдө 4К методун колдонуу», «Эне тил жана билим берүүдөгү жасалма интеллект:  заманбап чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр».

Тренингдин максаты: келечек муун ээлеринин окуп жаткан предметтерине кызыгуусун жаратып, маалыматтык технологиялар тармагындагы компетенцияларын өнүктүрүү максатында  санариптик каражаттарды колдонуунун эффективдүү ыкмаларын интеграциялоо боюнча  тажрыйба алмашуу жана натыйжалуу окууга өбөлгө түзгөн заманбап окутуу ыкмаларын сунуштоо болду. Өткөрүлгөн конок-лекциялар педагогдордун жана студенттердин кызыгууларын жаратып   «ЖОЖ-Колледж-Мектеп» үчилтигинин натыйжалуу кызматташуусуна өбөлгө түзүлдү. Мекеме жетекчилери окутуучулар жана студенттер үчүн тренингдер пайдалуу, актуалдуу болгондугун белгилеп  ыраазычылыктарын билдиришти.

Конок-лекция кербени региондордогу окуу жайлардын чакыруусу менен уланууда.

(С) М.Т.Шарабидинов – педагогикалык колледждин башчысы

Добавить комментарий